Базар-Коргон РИИБдин имаратына райондогу 3 мектептин жогорку класстарынын окуучулары келишип, милициянын иштөө тартибин көрүштү. Окуучуларды Базар-Коргон РИИБдин начальнигинин орун басары Мирлан Давлеталиев тосуп алды.
Аларга ок атуучу курал-жарактардын (колдонмо) техникалык мүнөздөмөлөрү, атайын каражаттарды колдонуу тартиби көрсөтүлдү. Ошондой эле убактылуу кармоочу жайынын сырты тааныштырылып, кылмыштуулуктун, диний экстремизмдин, топтошуп мушташуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Андан соң окуучулар авто мектепке алып барылып, ЖКККБ кызматкерлери тарабынан жол эрежелери көрсөтүлдү. Келечекте унаа башкарам дегендер сөзсүз түрдө теориялык окуудан өтүп, унааны практика жүзүндө айдап көрүү керектиги эскертилди. Өз кезегинде мектеп окуучуларын коштоп жүргөн мугалимдер бул иш-чара жаштарга оң таасирин тийгизээрин белгилешип, милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.
Мындан сырткары Базар-Коргон милициясы тарабынан райондор аралык каттамдарга чыккан маршруткаларга эскертүү баракчалары илинди. Баракчанын мазмунунда жүргүнчүлөргө уюлдук телефондорун, акча, баалуу буюмдарын бекем сактап, өзүнө кам көрүшү керектиги камтылган.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы