Ж.Баласагын атындагы КУУ имараты күрөөгө коюлган эмес. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Түштүк Кореянын «Медисон Ко» корпорациясы менен Кыргызстанга медициналык жабдууарды алып келүү боюнча 1998-жылы түзүлгөн келишими туурасында окуу жайдын жетекчилиги түшүндүрмө берди. Ректораттын маалыматына караганда, медициналык жабдуулар университетке келген эмес жана балансына да алынган эмес. КУУнун имараты, анын ичинде № 1 окуу корпусу эч кандай кредиттин алкагында күрөөгө коюлган эмес. Бул маалыматты Кыймылсыз мүлккө укук Мамлекеттик реестринен алынган көчүрмө тастыктайт. КУУнун имаратынын күрөөдө коюлгандыгын тактоо боюнча 2000-жылдан бери бир нече деңгээлдеги текшерүүлөр жүргөн. Бирок күрөөдө турганы аныкталган жок.