Урматтуу достор, эртең буюрса борбордук аянтта Бишкектин тургундары үчүн жакшы жаңылык болгону турат.
Бул Кытайдан 120 жүргүнчү ташуучу автобустардын сатылып алынып келиши. Ал автобустар газ менен жүрөт.
Учурда «Эмнеге чет жактан алабыз, атамекендик «Белес» компаниясынын автобустарын алса болбойбу»деген пикирлер да бар.
Аталган жергиликтүү компания унутта калтырылган жок. «Белес» менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон.
Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө.
Анын үстүнө, учурда «Белес» компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок.
Ошондуктан, учурда «Белес» компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат.