Домой Жаңылыктар Өзбекстан менен Кыргызстан биргелешип автомобиль чыгарат

Өзбекстан менен Кыргызстан биргелешип автомобиль чыгарат

9

Чүй облусунун Ак-Суу айылында машина куруучу завод салынат.
Маалыматка караганда Өзбекстан менен Кыргызстанда биргеликте автомобиль куруучу өндүрүш түзүүдө. Анда унаанын 19 түрү чыгарылат.
Алгач завод жылына 3 миң унаа чыгарууга багытталса, кийин аны 30 миңге чейин жеткирүү пландалууда.
Келишим Шавкат Мирзиеевдин 26-январга пландалган Бишкеке иш сапары учурунда кол коюлат.