-Ызгаардуу сууктун айынан электр тармагына күч келип, айрым мектептер да аралыктан окууга өтүптүр. Буга ким күнөөлүү?
— Эгер ушул суукту бийлик алып келгенде анда бийликти сындасак, сөксөк болмок, бирок аба-ырайын Аллах-Таала берет. Сабырдуу бололу.
-Электр энергиясын таркаткан ортомчу фирмалардын санынын кыскарганы туура эле болдубу?
— Албетте, президенттин элдин канын ичкен бүргөлөрдү, паразиттерди жок кылганы туура болду. Деги ал ортомчу фирмаларды гана эмес, а Акаев учурунда мамлекеттик ишкана “Кыргызэнергохолдингди”атайын үч акционердик коомго бөлгөн чечимди жокко чыгарып, кайра бириктирүү абзел! Кыргызстандын энергетикасы — стратегиялык тармак, ошондуктан ага мамлекеттик монополия керек.
Ошондой эле үч акционердик коомго бөлүнгөн “Кыргыз аба жолдорун” бир мамлекеттик ишкана кылуу абзел. А жеке менчиктеги мини-ГЭСтер жана авиакомпаниялар мамлекет менен келишим түзүп, лицензия аркылуу иштей беришсе болот.