Домой Без рубрики Каныбек Осмоналиев: «Тарифти бир аз көтөрүү аракетине түшүнүү менен эле мамиле кылганыбыз...

Каныбек Осмоналиев: «Тарифти бир аз көтөрүү аракетине түшүнүү менен эле мамиле кылганыбыз оң»

15

— Электр энергиясын таркатканга ортомчу боло коюп, ошол эле элдин ырыскысы болгон өлкөнүн электр инфраструктурасын каалашынча пайдаланган шылуундардын заманын эчак эле тыйып коюу керек болчу! Бул эми кызылдай эле акча, да? Болгондо дагы бекер түшкөн олжо! Муну жок кылууга мурдагы бийлик ээлеринин эрки жеткен эмес. Анткени, алардын жакындары мындай «бизнести» баса жыгылышып, оңой олжого туйтунуп келишкен. Элдин канын сүлүктөй сорушкан. Азыр андай заман жок. Баары өлкөнүн өзүнө башкача айтканда, элге өтүп жатат! Мунун эмнеси жаман? Колдоо гана керек.  Кыргыз энергетикасынын азыркы аянычтуу абалына күнөөлүүлөр бар. Алар мурдагы бийликтегилер. Экс-президенттердин бири дагы электр энергетикасынын келечеги үчүн жарытаарлык иштерди жасабай келишкен. Өздөрүнүн жакындары менен биригип алышып, бул тармакты аёосуз талап-тоноо менен эле алек болушкан. Натыйжасын көрүп жатабыз. Азыр Ата-Мекендик энергетика системасын сактап калуу маселеси өтө курч турат. Ошондуктан тарифти бир аз көтөрүү аракетине түшүнүү менен эле мамиле кылганыбыз оң. Бирок, «энергобарондордун» тамырларын аёосуз кыркып таштоо керек! Ансыз болбойт. Биринчи кезекте электр энергиясын генерациялоочу чакан, орто жана ири ГЭСтерди жаңыдан куруу иши актуалдуу. Президент бул ишке чечкиндүү киришип жатат. Жеке менчик жана венчурдук потенциалдарды кеңири колдоно башташты. Бюджетти дагы мобилизация кылуу максатка ылайыктуу. Анан, албетте, элетр энергиясын ташуу жана бөлүштүрүү маселелери. Бул системалар мамлекеттин гана колунда болуусу абзел. Антпесек, ач көз, деги эле байлыкка тойбогон шүдүңгүтттөр ээлеп кетишет. Жомоктогудай байышат. Элдин ыркына доо кетиришет! Менимче азыркы мамлекеттик саясат ушуундай терс көрүнүштөргө бөгөт коё баштады!