-Электр энергиясын таркаткан ортомчу фирмалардын көпчүлүгүн жоюшуптур. Эми энергетика тармагындагы коррупция азаят деп ишеним артсак болобу?
-Албетте, электр энергиясын тараткан 28 ортомчу фирманын 12-си калыптыр. Бирок, аларды дагы жоюш керек.
—Электр энергиясын 23 тыйынга кымбаттатуу эскилиги жеткен энергетика тармагын калыбына келтире алабы?
-32 жылдан бери эле тарифти көтөрсөк бардык оруну жеңе турган пилюля катары элге сунушталып келет. Тариф көтөрүлүп эле келе жатат, 2014-жылы Атамбаев менен Оторбаевдин өкмөтү 300% көтөрүшкөн 0,77 сомдон 2,16 сомго чейин. Кана натыйжа? Ого бетерден кризиске капталдык го. Коңшу мамлекеттер 3-4 эсе тарифти кымбаттатышты, алар да дефицитке такалып, аварияларга учурап атышат. Демек, кеп тарифте эмес — жүргүзүлүп жаткан саясатта. Кыргызстан жана коңшулар глобалдык батыштын либералдык спекулятивдик экономикалык саясатында болуп энергетикабызды ушул абалга алып келдик. Эмне кылыш керек? Тармакты улутташтырыш керек. Башкармалыгы кыскарат, ортомчулар жоголот, тармак кирешелуу болот. Мурун, Бир мекеме болгондо 6 миң киши иштеген, азыр — 17 миңкиши иштейт. Көбү башкармалар, көчөдө трансформатор, линия оңдогон карапайым элдин балдары эмес! Эмнеге өкмөт мыйзам менен кымбат электроэнергияны сатып алат 4,42 сомдон натыйжасы төмөн, койгойду чечпеген «жашыл энергетикадан»? Мамлекеттик саясат ушундай болуш керекпи? 1 сомдон бере итурган станцияларды курбайбы. Там салсан фундаменттен башташ керек, чатырдан эмес.
Домой Маек Эрнест Карыбеков, эксперт: “Электр энергиясын тараткан 28 ортомчу фирманын 12-си калыптыр, аларды...