-Чынара айым, президент электр энергиясын таркаткан ортомчу фирмалардын санын кыскартыптыр.Эми энерго сектордо коррупцияны азаябы?
-Энергетиканы бөлүштүрүүчү жеке компаниялардын саны чынында көбөйүп кеткен. Бир чети мамлекетти деле түшүнсө болот, баардыгын жалгыз тейлебей “разгрузка” кылып бөлүштүрүп берген. Мындан тарифтер деле бир баада калган болчу. Бирок тейлөө жагынан алганда ошол компаниялар эптей алган жок, мамлекеттин түз ниетин бузуп, өздөрү гана пайда тапты. Практика көргөзгөндөй ар бир компанияга бөлүнгөн секторлор каралбай калды, техникалык жабдыктар жаӊыланып алмашкан жок. Мындайча айтканда алар мамлекеттин ресурсун өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетти, аягы болсо минтип энерго тармак аянычтуу акыбалда турат. Ошондуктан кеч болсо да Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстандагы жеке компаниялардын санын кыскартуу боюнча чечими эӊ туура болду. Айрыкча кышында көрүп атабыз азыр акыбал жеке компанияларды кыскартмак тургай, электр саясатын толугу менен мамлекет өзүнө алып, жеке компанияларды кийин биротоло жоюп эле салган оӊ болуп турат. Энерго сектордо коррупция да азаят.
-Электр энергиясын 0.23 тыйынга кымбаттатуу маселеси көтөрүлө баштады. 0.23 тыйынга кымбаттатуу карапайым калктын капчыгына сокку урбайбы?
-Электр энергиясынын баасы 0.23 тыйынга көтөрүлсө ал карапайым калк сезе тургандай деле өзгөрүү болбойт. Бул көбүнчө ири ишкана жана чоӊ квадратурада жашаган колунда бар бай адамдарга гана сезилсе сезилди, сезилбесе алар деле тоготуп койбойт. 0.23 тыйын деле Кыргызстандын жалпы энерго тармагын тааныбас кылып реформалап ийет деп деле айта албайм. Бирок азыр аз болсо да жалпылап электр жарыгын сактап калышыбыз керек болуп турат. Бул эми бөтөн элдики эмес, Кыргызстандын, өзүбүздүн, келечек муундун байлыгы да.
Ал эми жалпы саясаттан алып караганда, электр энергиянын баасы албетте өзгөрүш керек. Анткени Орто Азияда эӊ арзан электр жарыгы Кыргызстанда деп мактанганыбыз менен, ошол энергетика тармагы өзүн-өзү камсыздай албай миллиарддаган карыздарга батып, кризиске кептелип калды. Бааны 0.23 тыйынга көтөргөн күндө деле Орто Азия боюнча арзан электр энергиясы кайра эле Кыргызстанда эле болот экен. Андыктан баа саясатынан жалпы улуттук трагедия жазаштын кереги жок деп ойлойм. Анткени электр энергиясы – бул 21 кылымда элге аба менен суудай эле керек. Жарык өчсө жашоо токтоп калат. Эн негизгиси баарыбыз ушуну так түшүнүшүбүз керек.