Домой Аналитика Ызгардуу суук Борбор Азия чөлкөмүндөгү бардык өлкөлөрдүн энергетикалык системасынын күчүн сынайт

Ызгардуу суук Борбор Азия чөлкөмүндөгү бардык өлкөлөрдүн энергетикалык системасынын күчүн сынайт

62

Ызгардуу суук Борбор Азия чөлкөмүндөгү бардык өлкөлөрдүн энергетикалык системасынын  күчүн сынайт. Ошентип Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын жана Түркмөнстандын аймактарында өтө суук аба ырайы орноду.

Айтмакчы, Түркмөнстандагы үшүк Орусиянын президенти Владимир Путинди да таң калтырды. «Карагылачы, эмне болуп жатат: Европада аба ырайы жылуу, Түркмөнстанда — бүгүн мен президент Сердар Бердымухамедов менен сүйлөштүм — минус 25. Түркмөнстанда! Өзбекстанда — минус 23», — деди В.Путин жыйында.

Ашхабадда электр жарыгы жана суу берүү үзгүлтүккө учурап, Ооганстандын түндүк аймактары жарыксыз калды.

Катуу суук Казакстандын баш калаасынын көчөлөрүн чыныгы муз тебүүчү аянтчага айлантып, социалдык тармактарда астаналыктардын айрымдары коньки менен шаарды кыдырып жүргөнү, Өзбекстанда 84 метр каскаддуу Сувтушар шаркыратмасы толугу менен тоңуп калганы тууралуу видеолор тарап жатат.

Аймак өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан өзгөчө сууктан жапа чеккен. Окуялар көрсөткөндөй, Өзбекстандын энергетика системасы катуу кышкы сыноолорго даяр эмес болчу, бул өлкөдө ири энергетикалык кризисти жараткан.

Ташкентте жана айрым облустарда аба ырайынын сууктугуна байланыштуу газ берүүнү кыскартууга туура келип, бул өз кезегинде көгүлтүр отун менен иштеген айрым өнөр жай ишканаларынын жана ТЭЦтин токтоп калышына алып келди. Натыйжада көптөгөн өзбекстандыктар газды, электр жарыгын, жылуулукту жана сууну үзгүлтүксүз өчүрүп жатышат. Мындан тышкары бардык май куюучу станциялар убактылуу жабылып, өлкөдө көмүрдүн баасы кымбаттап, көчөлөрдү жарыктандыруу чектелип, Коргоо министрлигинин күчтөрү жана каражаттары  тартылды.Ошондой эле оор абалдан  чыгууга Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери тартылган.

Күзгү-кышкы жылытуу мезгилине жетиштүү даярдык көрбөгөндүгү үчүн Ташкент шаарынын мэри жана башка бир катар аткаминерлер ээлеген кызматтарынан ажырады.

Өлкөдөгү курч кырдаалдан улам Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сингапурга пландалган үч күндүк мамлекеттик сапарын бир күнгө кыскартууга аргасыз болду.

Ал эми Кыргызстанда Ысык-Көл жарым-жартылай тоңду. Бирок, аба ырайынын катаал шарттарына карабастан, Кыргызстандын энергетикалык системасы эң жогорку жүктөмдөрдү көтөрүүдө. Албетте, үй чарбаларында кыска мөөнөттүү жергиликтүү электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт, бирок масштабдуу кризистин алдын алды.

Өлкөнүн негизги стратегиялык объектилери – Бишкек ТЭЦи жана Токтогул ГЭСи авариясыз жана өчүрүүлөрсүз иштеп жатат.

Республика боюнча энергетиктер жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу үчүн объекттерде күнү-түнү нөөмөттө турушат.

Булак, vb.kg