Домой Жаңылыктар 2022-жылы мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталынын эсебинен 1 804 адам турак жайлуу болду

2022-жылы мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталынын эсебинен 1 804 адам турак жайлуу болду

13

2022-жылдын декабрь айына карата 19 695 жарандын тизмеси Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан бекитилген.

Өткөн жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталынын эсебинен 1 804 адам турак жайлуу болду. Алар жалпысынан 4 655 миллион сомго ипотекалык насыя алышканын Финансы министрлиги билдирди.

«2022-жылдын 31-декабрына карата «Менин үйүм 2021-2026″ программасына катышуу үчүн электрондук порталга 56 800 жаран катталган. Анын ичинен 19 695 жарандын тизмеси Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан бекитилсе, кезекте 9 100 жаран банктардын кароосунда турат», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик 2022-жылга карата «Менин үйүм 2021-2026» программасын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом бөлүнгөнүн кошумчалаган.
Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан турак жай алуунун жол-жобосу менен кенен таанышып алсаңыз болот.