-«Кыштын кыштай болгону жакшы» деп бекеринен айтылбаса керек. Кардын көп жаашы жанга да, малга да өтө пайдалуу. Жер нымдылуукка батып, түшүм мол болот. Аба тазаланып, ден соолук чыңалат. Кыштын быйылкы чилдесинен биз эле эмес, алыскы Америка, мемиреп жаткан Европа жана жаныбызда жайгашкан коңшуларыбыз дагы кыйналып жатышат.
Ушуга байланыштуу, «бизде энергия жетиштүү» деп чалкалап жатып албай, жарыкты үнөмдүү пайдаланышыбыз талапка ылайык. Муну ар бир адам жасашы керек. Үйдөгү болгон розеткалардын баарына эле тиричилик приборлорун сая берсек, анда эртең эле караңгылыктын доорун сүрүп калабыз. Айтайын дегеним, быйылкы кыштан аман-эсен чыгып кетүү – бул бийликтин гана эмес, ар бир атуулдун ыйык милдети. Эгерде люстраңызда 12 лампочка болсо, жок дегенде жарымын өчүрүп коюңуз. Плиткаңыз иштеп жатканда, жуучу машинени токтотуңуз, полуңузду электротехника менен эмес, кол менен эле тазалап койсоңуз болот. Кыскасы, жалпы өлкөбүздө жарыктын жаркырап турушу ар бир үй-бүлөгө түздөн-түз байланыштуу. Кокустан атайын график боюнча свет өчүп калса, дүрбөлөңгө түшпөй эле шам чырактарды ишке киргизиңиз.
Мына мен Улуу Ата Мекендик согуш учурунда айылда окуп калдым. Ал кезде Ак-Талаада кыштын күнү 30 градус суук болор эле. Кар калың жаап, баса албай калчубуз. Мектептин ичи муп-муздак. Сабак болуп жатканда колу бутубуз тоңуп калчу. Мугалим эжелерибиз дароо эле эшикке алып чыгып, 10-15 мүнөт чуркатчу. Бир аз жылып алып, кайра мектепке кирчүбүз. Кечинде чырактын жоктугунан коломтону карап олтурчу элек. Ал кезде көмүр деген жок, жайкысын тезек терип, көң кургатып, кышкысын отун алып, меш жакчубуз. Эркектердин баары согушта, айылда аялдар жана балдар эле калган. Ошондо дагы эл мүңкүрөп калбай, башын жерге салбай, күнү-түнү иштешчү. Бир кесим нанды же бир табак талканды бөлүшүп жечүбүз. Чыдамкайчылык жана ынтымактуулуктун негизинде ошол тозоктон дагы чыгып кеткенбиз. Эми ага караганда азыр тим эле бейиште жашайбыз да? Убактылуу кыйынчылыктан кандайдыр бир көйгөй жаратпайлы, «бөйрөктөн шыйрак» чыгарбайлы. Жакшылыктан үмүттү үзбөйлү!