Туугандар, суукка байланыштуу электр жарыгынын өчүп жатышы кызуу талкууга алынып жатат. Мындай көрүнүш кошуна мамлекеттерде дагы катталып, аларда абал бизге караганда алда-канча татаал. Жарыксыз эле калбай, газы жок, жылуулук өчкөнүн жаңылыктардан окуп жатабыз.
Бизде дагы айрым жерлерде 1-2 саатка өчүп калууда. Энергетиктер бир канча жолу кайрылуу кылып, “үнөмдөгүлө, суукка байланыштуу күч келип жатат, бул кырдаалды үнөмдүү пайдалануу менен чыгалы”-деп тилдери тешилди. Бизде качан эле ушундай кайрылууну кабыл алышчу эле? Кайра өчөшкөнсүп түнү светтерин күйгүзүп алып уктайбыз.)
Кыргызстанда электр энергиясы жетиштүү, бирок 30 жылдан бери эскирип бүткөн трансформаторлор күч келгенде көтөрө албай жарылып, иштен чыгып жатат. Жарыктын өчкөн себеби, жарылган трансформаторлорду жаңыга алмаштырганча убакыт өтүүдө. Буга чейин энергетика тармагын алгылыктуу карашкан эмес, талап-тоноолор да болгон (600$ кычкачтар мисалы).
Мына өткөн жылдан баштап жаңы ГЭСтер курулуп, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө, “Камбар-Ата 1” сыяктуу ири ГЭСтерди куруу иштери башталганы турат. Өткөн жылы президент Садыр Жапаров капсуласын салып келген Таласта “Бала-Саруу”, Нарында “Куланак”, ГЭСтери бүтүү алдында турат.
Азыр сабырсыздар жарыктын өчкөнүн трагедия кылып, улам негатив жаза берген менен абалдан чыкпайбыз. Суук ашып кетсе 1 жумада кетет, анан абал турукташат. Бул табият. Азыр маал-маалы менен өчүрүп турбаса, энергетикабызда авариялар болуп, такыр жарыксыз калып, чыныгы көйгөйлөр жаралышы толук ыктымал.
Ошондуктан, ар кайсыны жазып, абалды түшүнүү менен кабыл алалы.
Өзбекстандагыдай жарык өчүп, газ жок, жылуулук берилбей калса эмне болот элек?! Анда такыр көчөгө чыгып алмак экенбиз. Алардын эли сабырдуу экен, чыдап турушат.
Жылуу үйүндө жатып алып пост жаза бергендерди Нарындын суугуна, Чоң-Алайдын шамалына, Чаткалдын карына, Кочкордун музуна 10-15 күн жашатып койсо көрөт элек, ал жакта эл чыдап эле, кабагым-кашым дебей жашап келе жатышат.