Домой Коом Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: «Нефть, газга бай кошуна мамлекеттер да кыйынчылыкка...

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: «Нефть, газга бай кошуна мамлекеттер да кыйынчылыкка кептелип, кыш мезгилин бизден да кыйын абалда өткөрүп жатышат»

128

-Ызгардуу сууктун айынан Кыргызстанда  свет график менен өчө баштады. Өзбекстан, Казакстанда  свет турсун газ кошо өчүп, эли жылуулуксуз калган  жагдайлар орун алып  жатыптыр. Свет өчкөн  кыйынчылыкка чыдашыбыз керекпи же бийликти сындашыбыз керекпи?
— 30 жылда биринчи жолу Ысык-Көлүбүздүн бир топ жерлери тоңду, биринчи жолу нефть, газга бай кошуна мамлекеттер да болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкка кептелип,  бизден да кыйын абалда кыш мезгилин өткөрүп жатышат.
Мен сунуш катары кыргыз патриотумун деген жарандарга кайрылат элем, колдон келишинче бир ай максималдуу түрдө энергияны үнөмдөйлү!
Ким кандай үнөмдөшүн өзү билет, ар бир пайдаланбаган киловатт кошулуп мегаваттарга айланат, аны энергетиктер жетпей жаткан жактарга таратат. Жалпы өчүрүүлөр азаят.
Кыргыздар байыркы 5-6 элдин катарына кирген не деген татаал кыйынчылыктардан өтүп 21-кылымда өмүр сүрүп келе жатабыз. Кыйын мезгилде дайым бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар деген философияга таянып, адамзатты таңгалтырганбыз!