Домой Жаңылыктар Сонунбү Кадырова: Малик, сен эрте чыккан элдин эрке баласы элең

Сонунбү Кадырова: Малик, сен эрте чыккан элдин эрке баласы элең

41
Малик!!!
Сен эрте чыккан элдин эрке баласы элең. Баардык атак, баардык даңк, болгон сүйүү сеники болуп турду… Сен азыркы шоу бизнестин эң атактуусу, эң байы болмоксун… Бирок, сенин жан дүйнөң байлыкка да, атакка да жат, аларды теңине албаган башкача жаралган экен. Баарын осол кылып жашадың да, осол кылып кете бердиң… Сенин кыйындыгың, залкарлыгың ушунда… Жаткан жериң жайлуу болсун асыл залкар.
Сагынган элем
****
Сагынган элем сабалап учкан үнүндү,
Сагынган элем санаасыз жаштык күнүмдү.
Сен чыккан кезде башка эле заман, жашоолор,
Бала элең шаңшып тоолордон созгон ырыңды.
***
Залдарга батпай жалпы журт турчу тирелип,
«Мөлмөлүм» десе таштарга дагы гүл өнүп.
Энеден эрте адашкан улак өңдөнүп,
Шум заман келип, тартпады боорго имерип.
***
Залкарды көрбөй тебелеп өтүп көпчүлүк,
Замандар келди халтуршиктерди көптүрүп.
Көр оокат менен алаксып кетти билинбей,
Баалабай койдук, көңүлүн албай чөктүрүп.
***
Сагынган элем сабалап сызган үнүндү,
Сагынган элем сен ырдап турган кылымды.
Кайакка шаштың сагынычтарды жазбастан,
Таарындың бекен көтөрүп жүрүп жүгүңдү?
***
Кечиргин Малик! Көп сөзүм калды айтылбай,
Алдымдан чыккан күндөрүң болду жаркылдай.
Аз эле көрдүм, көбүндө издеп артыңдан,
Ойлогон ойлор телеге калды тартылбай.
***
Сагыныптырмын…