Домой Жаңылыктар Кыргызстандын 5 облусунда компьютердик томографиялар ачылат

Кыргызстандын 5 облусунда компьютердик томографиялар ачылат

13

Кыргызстандын 5 облусунда компьютердик томографиялар ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустары.
«Учурда Талас облусунда аппаратты орнотуу иштери бүтүп, ал бейтаптарды кабыл алууда, ал эми калган облустарда жабдууну орнотуу жана тиешелүү адистерди окутуу иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, компьютердик томографиялардын жалпы баасы 349 миң АКШ долларын түзөт. Аппарат көп функционалдуу жана бейтаптарды кароодо анализдерди так жүргүзүүгө жана башка ар тараптуу ыңгайлуулуктарга басым жасалган.