«Мутакаллим» аялдардын коомдук прогрессивдүү уюму бүткүл дүйнөлүк дин тутуу эркиндигинин эл аралык күнүнө карата диний тынчтык,өз ара кызматташтык боюнча тегерек стол уюштурду. Ага дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери, Кыргызстан дин башкармалыгынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, диний уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, эксперттер катышты.
Тегерек стол жандуу өтүп, дин тармагындагы орчундуу маселелер талкууланды. Биз Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин башчысы Жамал Фронтбек кызын кепке тартык.
-Жамал айым, “Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси бүткүл дүйнөлүк дин тутуу эркиндигинин күнүн канча жылдан бери белгилеп келе жатат?
-Дүйнө жүзүндө 16-январь бүткүл дүйнөлүк дин тутуу эркиндиги күнү деп белгиленет. Бул майрам өзү Америкадан башталган. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча дин тутуу эркиндигин сыйлаган адамдардын баары майрамдашат. Биз дагы динди кастарлаган үчүн ушул күнү тегерек үстөл уюштуруп орчундуу маселелердин тегерегинде пикир алышууну 2016-жылдан бери салтка айлантканбыз. Тагыраагы, дин тутуу эркиндиги боюнча социалдык жактан биригип, чогуу иш алып барууну салтка айлантып жатабыз. Бул күнү илимдүү, билимдүү айымдарыбыздын жасаган эмгектерин эске алабыз. Ушул күнү өзүбүздүн уюмдун сыйлыгын динге салымын кошкондорго беребиз.
-“Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси ислам маданиятын жайылтуу менен эле алекпи же башка да иштер менен аракеттенишеби?
-Илгертен эле «Аял затынын бир колу бала терметсе, экинчи колу аалам терметет» деген сөз бар. Кыргыз айымдары үйдө бала тарбиялаганы менен коомубуздагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө дагы активдүү салым кошууда. Аял өнүксө, коом oңолот дегендей “Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси да аялдарды өнүктүрүү, өстүрүү үчүн түрдүү багытта иш алып барат. Түрмөдө жаткан аялдардан баштап, зомбулукка кабылган айымдар менен да иштешет. Биздин негизги максатыбыз аялдардын деңгээлин жогорулатуу. Светтик дагы, диний дагы билим берүү. Аялдардан эл аралык деңгээлдеги аалымдарды чыгаруу. Негизи биздин уюм аялдарды өнүктүрүү, өстүрүү үчүн түрдүү багытта иш алып барабыз.