Домой Жаңылыктар Алты жашар кыздын өлүмү боюнча Социалдык тармактарда туура эмес маалымат тараган

Алты жашар кыздын өлүмү боюнча Социалдык тармактарда туура эмес маалымат тараган

21

Кара-Балта шаарында ачкадан каза болгон кыздын ата-энеси кызынын өлүмүнүн себептери тууралуу социалдык тармактарда тараган такталбаган маалыматка нааразы. Бул тууралуу Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев билдирди.

Ал белгилегендей, облустук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү үй-бүлөнүн жашоо шарты менен таанышты. Апасы 42 жашта. Беш баласы менен Кара-Балта шаарында жашаган, улуу кызы 18 жашта, кичүүсү 2 жашта. Үй-бүлөнүн атасы Орусиянын жараны. Үй-бүлө 2000-жылга чейин Тюменде жашаган.

Кыздын ата-энеси социалдык тармактарда баланын өлүмүнүн себептери тууралуу туура эмес маалымат тараткандарга нааразы. Маркумдун апасынын айтымында, кыз айына жетпей төрөлгөн, ден соолугу начар болгон. Бала жана анын үй-бүлөсү сасык тумоо менен ооруп калганда медициналык мекемелерге кайрылышкан эмес. Үй-бүлөнүн жашоо шарты канааттандырарлык. Керектүү кийим-кече, тамак-ашы  жетиштүү эле болгон.

Каза болгон 6 жашар кыздын ата-энеси 2022-жылдын 28-октябрында Россия Федерациясына иштөө үчүн кетишкен. Балдар  18 жаштагы кызы жана 29 жаштагы агасынын колунда калган. Атасы Орусиядан Кыргызстанга 2023-жылдын 15-январында, апасы 16-январда келген.

Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Балта шаарынын мэриясы бир күн мурун алты жашар кыз каза болгон кара-балталык үй-бүлөнүн Жайыл районунун эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүндө каттоодо турганын билдирген жана жакыр жашаганын айткан.