Домой Жаңылыктар “Жашыл Мурас” 2023-жылы 7 миллион көчөт отуругузулат

“Жашыл Мурас” 2023-жылы 7 миллион көчөт отуругузулат

102

“Жашыл Мурас”
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошту. Кыргызстанда 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды. “Жашыл Мурас” аттуу улуттук кампания башталды.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында 2022-жылга карата ѳлкѳ аймагына 8,1 миллион көчөт отургузулганын билдирет. Күзгү эсептин жыйынтыгы боюнча, отургулулган кѳчѳттѳрдүн 70% тамыр алып кѳгѳргѳн. 2022-жылга план 6 миллион көчөт, 2023-жылга план 7 миллион көчөт отуругузулат.
Учурда мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары 2023-жылга карата бак-дарактарды отургузууну уюштуруу иштерин жүргүзүүдө.