“Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы кышкы кийим менен камсыздалды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жашылчарба жумушчулары үчүн ишкананын логотибинин түстөрүндө иштелип чыккан 300 комплект форма сатылып алынган: сары, жашыл жана боз.
«Кийим жол боюндагы кооптуу аймактарда нөөмөт учурунда жумушчулардын коопсуздугун сактоо үчүн чагылдыруучу кездеме менен капталган. Форма кыш мезгилине ылайык жылууланган», — деп айтылат маалыматта.