2022-жылдын ичинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 96 объект бүткөрүлгөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Тармактар боюнча:
37 мектеп (5200 орунга);
12 бала бакча (530 орунга);
4 спорттук комплекс;
2 саламаттык сактоо объектиси;
2 маданият тармагындагы объект;
1 башка объект;
38 айылда 87 миңден ашык жаран таза суу менен камсыз болду.
Облустар боюнча:
Чүй облусу жана Бишкек шаары – 15 объект;
Баткен облусу – 8 объект;
Жалал-Абад облусу – 23 объект;
Ысык-Көл облусу – 12 объект;
Нарын облусу – 8 объект;
Ош облусу – 24 объект;
Талас облусу – 6 объект.