Мамлекетте бир чоң проектти баштайлы деселе ошол проект боюнча супер-пупер профи эксперт болуп чыга келип, теңирден тескери сүйлөп өздөрүнөн башканын баарын лох кылып жибергендер тажатты!
Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан “Камбарата 1” ГЭСин чогуу куралы деген макулдашууга кол коюшуптур. Эми ошондон дагы кыйкым тапкандар болуп атат – “Суубузду бул эки мамлекет алып алабы эми” чутьли “Булар бул ГЭСти каалагандай колдонот” дегендер да болууда.
Эми Кыргызстан да, кошуналарыбыз да укуктук мамлекеттер. Макулдашуу боюнча ири ГЭСти курууга 6 млрд доллар керектелсе аны теңме-тең – 2 млрд доллардан үч өлкө чыгарат. Эки кошунабыз Казакстан менен Өзбекстан кошкон каражаттарын актап алгыча Кыргызстандын үлүшү 34%, Казакстан 33%, Өзбекстан 33%. үлүштөрү сакталып турат. Бул инвестиция салуудагы эл аралык тажрыйба.
“Өзүбүз эле салбайт белек” дегендер да жок эмес. Албетте, андай болсо кана?
Өзүбүздө анчалык чоң каражат жок болгон үчүн жок дегенде кошуналар менен келишип, биргелешип баштай берели деген ой менен өлкө жетекчилиги аракет кылууда да.
Казакстан менен Өзбекстан өздөрү кошкон каражатты чыгарып кеткенден кийин бул чоң ГЭС өзүбүздө эле калат. Толук жүз пайыз өлкөбүз ээлик кылат.
Электроэнергияны экспортко чыгарып баштайбыз. Өзүбүздө да жетиштүү болот.
Андыктан айтарым, бул долбоордон чочулоонун эч кыпындай да негизи жок. Тескерисинче, кош колдоп колдойлу. Колдой албасак жок дегенде жолтоо болбой, элди тетири үгүттөбөй тынч отуралы. Сөздү адистер, чечим кабыл алчу, жоопкерчилик жана милдет алгандар айтсын.