Домой Жаңылыктар Бишкекте дагы бир бала бакча ишке берилди

Бишкекте дагы бир бала бакча ишке берилди

32
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиевдин катышуусунда №8-бала бакчанын  ачылуу аземи болду.
Возможно, это изображение 2 человека и люди стоят
Бала бакча баардык жагынан оңдоп-түзөтүүлөрдөн өткөн.
Жертөлөсү бар эки кабаттуу имарат 4 тайпага ылайыкталган. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,38 га, ал эми курулган аянты 640 чарчы метрди түзөт.
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят, воздушный шарик и в помещении
Бала бакчага инженердик тышкы тармактар: короо ичиндеги канализация, жылытуу системасы, суу түтүктөрү, бүт имаратка тышкы электр кабели тартылып, имараттын ичи жасалып, фасады жылууланып, (декоративдик шыбак), асма шыптар орнотулду. Ошондой эле полду монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Жылытуу системасы, электр системасы, полдун электр панелдери толугу менен алмаштырылды, сантехника иштери бүткөрүлдү.
Возможно, это изображение 3 человека и на открытом воздухе
Мындан тышкары резина капталган төрт балдар аянтчасы көрктөндүрүлүп, бала бакчанын аймагына таман таштар төшөлдү. Мекеменин аянты боюнча темир тосмо орнотулуп, жер төлөсүнө желдеткич орнотулуп, жашылдандырылды.
Возможно, это изображение стол и в помещении