Ишкананын маалыматына ылайык, көмүр алып жаткан жарандын каттоосу жана жашаган жеринин дареги болушу керек.
Белгиленгендей, көмүр бир кишиге 2 тоннадан гана сатылат.
“Кардарым бар деп кирип кеткен Porter айдоочуларына көмүр сатылбайт. Акыркы күндөрү ортомчулар “Кыргызкөмүр” алып келген көмүрдү сатып алып, калкка ошону эле 5 миң сомдон ашырып сатып жатышат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Ишканадан белгилешкендей, алардын максаты – чыныгы көмүргө муктаж жөнөкөй тургундарды арзан баада көмүр менен камсыздоо.