Домой Жаңылыктар Сузак милициясы коӊшу өлкөдө өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, мамлекеттик чек араны...

Сузак милициясы коӊшу өлкөдө өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндөрдү кармады

17

2023-жылдын 6-январь күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан 2 жаран мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндүгү боюнча маалымат милицияга келип түшкөн.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстан Республикасынын Андижан областынын тургуну 1986-ж.т. К.А. жана Фергана областынын тургуну 1992-ж.т. Н.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Териштирүү учурунда Өзбекстан Республикасынын тургундары мурда бир нече жолу соттолушкандыгы, акыркы жолу өз өлкөсүндө адам өлтүрүү менен соттолушуп, Жиззах областында жазасын өтөп жатышкан жеринен качып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүшкөндүгү аныкталган. Бүгүнкү күндө Өзбекстан Республикасы тарабынан аларга карата издөө жарыялангандыгы белгилүү болду.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы