Ысык-Көлдөн чыккан жети акенин бири Кыдыр аке өз мезгилинде:
«Ысык-Көлдөн оңой менен хан чыкпайт.
Хан чыкса, жөн чыкпайт.
Чачылганды жыйнайт.
Бүлүнгөндү оңдойт.
Тентигенди чогултат.
Кыргызды кылымдарга чейин сактап калат», — деген экен. Бирок бул айтылгандарды жүз жолу эшитсем да, мен негедир бизде регионализим өкүм сүрүп турган учурда Ысык-Көл өрөөнүнөн Журт башы, Эл башы чыкпайт деп ойлочумун. Айрыкча ал оюма Сооронбай Жээнбеков мурунку президенттик шайлоодо Кара Кулжа тараптагы бир участкадан 100 пайыз «макул» добушун алгандан кийин ого бетер ишенип калгам. Анан эмне болду?

Мезгил көрсөткөндөй Садыр иним алыс жакында, камакта жүрсө да өзүнүн күйүп бышып айткан сөздөрү менен элдин жүрөгүнөн орун таап алган экен. Калп айткан менен болобу басымдуу көпчүлүк эл түп көтөрүлүп келип Садыр Жапаровду эч үгүттөөсү жок эле Ажо кылып шайлап алышты. Баткен, Ош, Жалал-Абад, Алай, Ат Башы, Нарын Токтогул, Талас, Сары- Өзөн Чүй, чалкыган Ысык-Көлдун эли чындыгында буга чейин бир талапкердин айланасында ушундай биригип биримдүү боло элек эле да. «Калк айтса калп айтпайт»,- деген чын экен Калк калыстыгын айтып өзүнө жаккан инсанга ишеним артып шайлап алды.
Сөз чынынан бузулбасын, Көл аймагынан жалпы журт башкарган хан чыккан жок. Кийинчерээк мындан бир кылым мурун жаңы заманда эл башына Жусуп Абдрахманов келгени менен ал кайраныбызды да, бат эле ушак, чагым менен аттырып жок кылганбыз.
Трайбализмдин күчүн көргүлө кээ бир аймактардан эки жолудан хан чыккан учурларыбыз болсо да уучубуз бакытка толуп кетпегендиги таза чындык да.
Ээ досторум дүйнө өнүгүшү өзү салыштырмалуу нерсе. Кайда барбайлы «мурун кандай эле азыр кандай болуп калдык»,- деген тажатма ой мээбизди жегени жеген! Аттиң, бирок дале болбой эле кээ бир инилерим, «бизде мамлекет өнүкпөй эле турат, булар цифралар менен эле ойноп жатышат»,-дегенде күйөт экенсиң дааа күйөт экенсиң….
Эми тажабагандар менин узагыраак салыштырууларыма көз салып көргүлө.
Ачуу чындыкты ачык айтышыбыз керек, эгемендүүлүк алган 30 жылдык мезгилде эле 1 миллион элибиз кара курсактын айынан мигрант болуп кетишти. Сырткы карызыбыз 4,5 миллиард долларга чукулдады. Кошуна Тажикстанга алыбыз жетпей башыбызды ийип келдик эле, жаңыдан тең ата сүйлөшө баштадык. Кошуна Өзбекстандан талаш жерлерден бир метр жер ала албай келдик эле, кечээ жакында ал жагынын тараза ташы биз жакка ооп, кошумча жерлерди алууга жетиштик. Кемпир-Абад маселеси дагы тең салмактуу чечилгендигине элибиз күбө.
«30 жылдан бери эгемендүүлүк»,- деп төш какканыбыз менен элдин эмгек акылары бир айдан экинчи айга жетпей ачка-ток болгон жылдар эсимден кетпейт. Жетимдин башынан сылаган жан болгон жок. Кен байлыктарыбыз таланып-тонолуп Кумтөр алтындарынын тонналап ташылып кеткендигин кайда жашыра алабыз! Көрүп-туюп туруп, эч нерсе кыла алган жокпуз, алакан жайып туруп бердик. Олигархтар каалагандай тайраңдашты. Алар мамлекет үчүн салык төлөйм деп ойлоп да коюшкан жок. Анын ордуна чет өлкөлөргө виллаларды салышты. Бир кезде Аскар Акаев айткандай коррупция Ак үйдүн жетинчи эле кабатына кирип бармак турсун, айыл элинин ырыскысын талашып алардын коюндарына чейин кирип кеткени жалганбы!?
Мамлекет үчүн жаңы аскер техникаларын сатып алууну мындай коелу, өзүбүздө турган, Союздан калган аскер техникаларын, тик учактарды сыртка сатып жоготушту, акчаларына айда туйтунушту. Жолдорубуз көрүнгөн жеринен тешилип, тамтыгы чыкты. Жалпы республика боюнча 400дөн ашуун айылдын мектептери жараксыз абалга келди. Айрым жерлерде балдарыбыз контейнерлерде окууга аргасыз болушту…
Же калп айтамбы досум!!!
Уучубуз куру эмес экен, көрсө элим деген чыныгы азаматтарыбыз бар экен. Биригишип биримдик менен Садыр Жапаров инибиз президент болуп келди. Кыска убакыттын ичинде өзүнүн күчтүү командасы менен Мамлекетибизди олуттуу өнүгүү жолуна сала алды. Бардык тармактарда өзгөрүүлөр башталды, же калппы?
Эң негизгиси элибизде да оңолобуз деген ишеним пайда болду! Кудай ушул ишеничибиздин боосун бек кылсын!
Эң Алгач эле “Кумтөр” алтын кенин кыргыз элинин энчисине кайтарып бергени жеништердин жеңиши болду! Буга чейин “Кумтөр 10 жылда бизге 5 миллиард сом төлөгөн болсо, “Кумтөр” мамлекеттин менчигине өткөндөн кийин 10 айда эле 35 миллиард сом бюджетке төктү. Бали…

Салыштырып көргүлөчү, 10 жылда 5 миллиард төлөнгөн каражат менен 10 айда 35 миллиард каражаттын айырмасын. Бул салыктан түшкөн эле каражат, таза кирешеден сырткары. Мындан башка 300 миллион доллар таза кирешеси дагы бар.
Бир кездеги «кырк жеринен тешиги бар» бюджетти 240 миллиард сомдон дароо 400 миллиард сомго көтөрүп койду. Бул деген сөз, мурда салык төлөбөй жүргөн олигархтардын баарын кустуруп, мындан ары салыкты жашырбай төлөйсүңөр деген сөз. Биресе эскертүү, биресе талаптын катуу коюлушу өз максатына жетти, натыйжада бюджет мурда болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Салык маселесинде деле олуттуу жаңы талаптар киргизилген жок. Салыктардын ставкасы жогорулатылган жок. Тескерисинче, дыйкандар жер салыгынан, малчылар жайыт салыгынан бошотулду. Ошентип, туура саясат жүргүзүүнүн аркасында мурдагы эле тарифтер менен бюджетти эки эсеге көтөрүп койду. Ошол үчүн эмгек акылар үч эсеге көбөйдү. Пенсия, жөлөкпулдар жогорулатылды. Аскерлерибиздин, жетим балдар үйлөрүндөгү балдарыбыздын тамак-ашына бөлүнгөн сумма дароо эки эсеге көтөрүлдү. Азыр алардын курсактары кенен тоюп, ыраазы болуп турган кездери.
Бакиевдин 12 жыл мурун өрттөлүп, кароосуз калган үйүн ары-бери өткөндөр моюн созуп карап коюп, тим болчу эле. Анын ордуна жакшынакай кылып майып балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду, Бишкекте биринчи жолу майып балдарды калыбына келтирүү борбору ачылды. Биринчи жолу ДЦП балдар үчүн Өкмөттүн эсебинен дарылануучу реабилитациялык борболор салына баштады. Мына «жетимдин башынан сылайт»,- деген ушул да досторум, же жалганбы?
12 жыл мурун өрттөлүп, сыртына ар кайсы компаниянын көрнөк-жарнагы жабылып келген Башкы прокуратуранын имаратын элдин баары билет. Дубалын өрт чалып, адистердин колдонууга жарабайт деген корутундусунан кийин анын ордуна жаңы имарат курулуп баштаганы турат. Өрт чалгандан кийин үч президент келип-кетти, бирөө да анын ордуна бир нерсе салайын деп ойлогон эмес.
Кошуна өлкөлөр, анын ичинде Европада өнүгүп, башка өлкөлөр менен эсептеше билген боордош Түркия менен алака-катышыбызды дароо жолго коюп, бир туугандык байланышты бийик деңгээлге чыгарып койду.
Мурда Атамбаев “казак президенти Нурсултан Назарбаев чал кетиши керек, ордуна жаштар келиш керек”, — деп казак туугандарды таарынткан жайы бар эле. “Өзбектер менен чек араны президент Каримов өлгөндөн кийин чечебиз” деп балп эттирип салып, өзбек туугандар менен дагы мамиле бузулган. 2016-жылы “Түркия иттик кылдыңар” деп, кардашдарды өтө катуу таарынткан. Алардын баарын кайра эпке келтирди.
Таажывирус пандемиясы башталганы коңшу Кытай менен чек араны биз тараптан биринчилерден болуп жаап, алар менен мамилени суутуп салган.
Деги койчу, иши кылса, Кыргызстандан элдин баары жүз буруп, изоляцияда эле калганбыз. Азыр эми аталган өлкөлөрдүн баары менен мамилебиз оңолуп, жүзүбүз жарык болуп калды. Ушундай тышкы мамиленин баарын Президенттик кызматка киришкенден кийин бир жылдын ичинде ондоп-түзөөгө жетишти. Болбосо мунун баары кечээ эле биздин көз алдыбызда өтүп, “аттиң” деп эрдибизди кырча тиштеп отуруп калбадык беле.
Учурда болсо көрүп-билип турган ийгиликтерди, биринен сала бири бүтүп жаткан иштерди кантип танабыз!
Аскерлерибизге жаңы заманбап техникалар сатылып алынды. Эң акыркы үлгүдөгү «Акынжы», «Аксүңгүр» сыяктуу заманбап абадан сокку уруучу аскердик учкучсуз учуучу аппараттар келди. Аскерий күчтөрүбүз болуп көрбөгөндөй күчтөндү. Аскерий тик учактарыбыздын баары оңдоодон өтүп, асманга канатын кенен жайып баштады. Аскерлерибиздин айлыгы 16 000 сомдон 76 000 сомго чейин жогорулап, Мекен коргоо түшүнүгү биринчи планга чыкты.
30 жылдан бери былк этпей жаткан чек ара маселелери чечилип жатат. Чек ара толук бүтсө, ошондо гана коопсуз мамлекетпиз деп айта алабыз. Түбөлүк мамлекет катары сакталып калабыз. Чек аралар такталып бүтсө, Баткен жергесине инвесторлор агылып келет. Анткени Беткен аймагында инвесторлор үчүн көптөгөн жеңилдиктер түзүлүүдө.
Мурда тажиктер кол салып, өрттөп жиберген үйлөрдү жергиликтүү эл ыйлай-сыктай өздөрү кайра куруп алышчу, Өкмөт мындайда бир да үй салып берген эмес. Азыр Өкмөт Баткендеги үйү өрттөнгөн элге миңдеген үйлөрдү бекер салып берип жатат. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 20-25 жылга чейин 4% (пайыздык) батирлер бериле баштады. 2026-жылга чейин элүү миң үй-бүлөгө квартиралар берилет. Кезекте тургандардын баары квартирасыз калышпайт экен.
Өлкө боюнча жаңы-жаңы мектептер, бала бакчалар салынып жатат. Музейлер, стадиондор курулуп,
жолдор асфальтталып жатат. Буга чейин бир жылда эң көп 130 км жолго асфальт төшөлгөн экен. 2022-жылы 600 км жолго асфальт басылды. ГЭСтер курулуп жатат. Буга чейин чындап эле өзүбүз темир жол сала баштайбыз деп эч кимдин оюна келбесе керек, буюрса бул маселе дагы ийгиликтүү башталдып олтурат. Эң негизгиси Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу башталып кетти. Бул жол – бизди туңгуюктан дүйнө жүзүнө алып чыкчу транзиттик жол. Мурда эле ушул жолду башташыбыз керек болчу. Бирок эч ким даап баштай алган эмес. “Старший браттар” деп аталган чоң өлкөлөр “салбайсың!” деп койсо, мурдагы президенттер “хоп майлиден” башканы айталбай жүрө беришкен.
Союз тараганы каралбай калган ички аэропортторубуздун баарын ондоого киришти. Май айынан баштап, илгерки союз мезгилиндегидей, ички аба каттамдарыбыз менен самолеттор уча баштайт деп мерчемделип, Казарман, Нарын, Талас, Каракол, Кербен, Баткен рейстери ачылганы турат. Бул үчүн “Манас” аэропортунун балансына эки даана учак март айында келет экен.
Мурда ит бекер таратылып кеткен алтын кендердин 150дөн ашык лицензиясын мамлекетке кайтарып алды, элестеткиле, 150 алтын кенин иштетүүнү кайтарып алды. Эми мындан ары алтын аралашкан кум-шагылдар камаз-камаз болуп тышка ташылбай өзүбүздө иштетилет.
200 млн доллар суммасынан кем болбогон Азербайжан, Өзбекстан, Венгрия өнүктүрүү фонддору ачылды. Араб эмираттарынан 1 миллиард 200 млн доллар уставдык капиталы менен баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан фонд түзүлдү.
Тез жардам, айыл чарба, өрт өчүрүүчү жаңы техникалар, тик учактар жайнап келип атат.
Кыскасы, бир сөз менен айтканда, мамлекетибизде эл үчүн күйө турган чыныгы эр азамат пайда болду. Мамлекетибиз алдыга жыла баштады. Эми биз карапайым эл тынч жашап, мындай демилгелерди, мыкты-мыкты иш-аракеттерди колдоп гана турушубуз керек!
Ии баса, дагы бир орчундуу айта турган сөз экс-президенттерди консолидацияга алып келе жатат. Кыргыз эч качан кекчил болгон эмес, бекеринен ата бабаларыбыз «атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер»,- деп айтпаса керек. Кечиримдүү болгонубуз Кыргыз Элинин ынтымагын дагы ширетет деп ойлойм. Буюрса бул жагында дагы иштер жакшы жолго түшкөндөй… Отунбаева менен Жээнбековко “экс-президент” деген макам берди. Эми Мекени көзүнөн учкан эки экс президент Атамбаев менен Бакиевди дагы алып келип, Атамбаевди түрмөдөн чыгарып койсо, мына ошондо бириге албай жүргөн, качып-бозуп жүргөн хандары менен кошо кыргыз элинин башын анык бириктирген болот эле. Эл дагы тан бермек. Чачылган элин жыйнаган, үзүлгөндү улаган эл башчы катары тарыхта калмак.
Менимче, Президент Садыр Жапаровдун эрки буга да жетет деп терең ишенем! Анткени, 2-3 жылдын ичинде чукул чараларды кабыл алып, жасалбай келаткан иштерди жасап, ташталбай келаткан кадамдарды ишенимдүү таштап, алдыга карай жиреп баратканын элдин баары көрүп турат.
Эл буюрса өзү деле жалпы ынтымактыка кадам таштап тургандыгы Кыргыз Элинин Элдик Курултайында толук даана көрүнүп турду.
«Эл ынтымагы эгиз»,- дегендей жалпы элибиздин ынтымагы Кут болсун!!!
Акырында айтаарым, бу Мукем, Ажо «инисин», ойда мактаптыр дебегиле, «Платон ты мой друг, но истина дороже» дегендей мен болгон фактыларды кана айттым….


Нургалы Асаналиев, Жазира Таалайбекова и ещё 64
18 комментариев
Поделились: 33
Нравится
Комментировать
Поделиться