Домой Жаңылыктар Кыргызстанда 11-январдан тарта өтө катуу суук болушу мүмкүн

Кыргызстанда 11-январдан тарта өтө катуу суук болушу мүмкүн

9

11-январдан тарта катуу суук болот.»Өлкө синоптиктеринин божомолунда, 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак болуп, күрткү жаралат. Аномалдык суук кыштоолордо мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат», — деп айтылган билдирүүдө.

ӨКМ мал чарбасындагыларга жана жолго, эс алууга чыгууну пландагандарга кайрылып, коопсуздук жаатында эскертүү берген.

«Бул күндөрү үйүңүздү жылуулап, малды жайытка чыгарбастан сарайда кармаңыз. Алыска сапарга чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырыңыз», — деген ӨКМден.

Кыргызстанда кийинки жумада аяз күчүнө кирип, 20 градуска чейин суук болорун мурдараак Кыргызгидромет да билдирген.