Кыргызстандын бардык жолдору жана ашуулары кар күрткүлөрүнөн тазаланып, унаа кыймылы үчүн ачык. Транспорт министрлигинин башкармалыктары тайгаланууга каршы инерттүү материалдар менен рельстерди такай толтуруу иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
7-январга карата Бишкек-Ош унаа жолунда (260-чакырымдан 290-чакырымга чейин) кар жаап, ДЭП-23 ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап, тайгакка каршы инерттүү материалдарды кошуп жатышат. Ушундай эле иштер Төө-Ашуу ашуусунда да жүрүп жатат. «Сосновка» жана «Арал» постторунда унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр жок.
ДЭП-30 ишканасынын жумушчулары кышкы жолду оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан Токтогул районунун жолдорунда да автоунаалар үчүн өтмөк ачык.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Чыйырчык ашуусунда ДЭП-959 ишканасынын жумушчулары тарабынан кардан тазаланып, жол тилкеси кеңейтилип, кум-тузга толтурулуп жатат. Бул жерде да кар жаайт, кар бороон болот.
Ушундай эле иштерди Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда ДЭП-960 ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Бул жерде да кар жаайт, ашууларда кар күрткү болот, бул жолдо жүрүү бардык тарапка ачык.