Домой Жаңылыктар Жаңы жылдык майрамдан кийин борбордук аянттан 5 тонна таштанды чыгарылды

Жаңы жылдык майрамдан кийин борбордук аянттан 5 тонна таштанды чыгарылды

14

Жаңы жылдык майрамдан кийин «Ала-Тоо» аянтынан 5 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Анда айтылгандай, тазалык жана тартипти «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 7 атайын техникасы менен 60 кызматкери камсыздашкан.
Жаңы жыл түнү жалпысынан шаардын көчөлөрү тазалоого 42 атайын техника жана 500 кызматкер тартылган.