Домой Расмий кабарлар Президент: 2023-жылы бардык тармактар боюнча секиригин жасоонун алдында турабыз

Президент: 2023-жылы бардык тармактар боюнча секиригин жасоонун алдында турабыз

8

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2023-
жаңы жылы менен куттуктап, 2022-жылы миллиарддаган каражаттарга өлкө коопсуздугу үчүн зарыл болгон заманбап аскерий техникаларды сатып алдык.
Өзүңүздөр билгендей, эл аралык деңгээлде улуттук кызыкчылыгыбызды коргоо үчүн бекем туруп, “Кумтөр” алтын кенин кеч болсо да, элибиздин энчисине толук кайтардык.
Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо багытында жасалган чоң кадам – бул кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы болду. Борбор Азиядагы суу ресурстарына ээлик кылган саналуу мамлекеттердин бири болгон Кыргызстан үчүн “Камбар-Ата-1” ГЭСи өтө маанилүү стратегиялык долбоор! Ошону менен бирге чакан ГЭСтерди, электр кубатын өндүрүүнүн альтернативдүү варианттарын курууга дагы өзгөчө көңүл буруудабыз.
Өлкөнүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү үчүн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууга батыл кириштик. Аны менен катар эгемендүүлүк тарыхыбызда алгач ирет темир жол курулушун – “Балыкчы-Кочкор – Кара-Кече” темир жолун курууну баштадык.
“Күчтүү регион – күчтүү мамлекет” ураанынын астында административдик-территориялык реформага кадам жасалды. Буюрса, жүргүзүлүп жаткан пилоттук долбоордун натыйжаларын “жети өлчөп, бир кесип”, аймактарыбызды өнүктүрүүдө дагы колдонобуз.
Өтүп бараткан жылы өлкөбүздө спорт тармагына жакшы көңүл бурулуп, жемиштүү жылдардан болду. Спортчуларыбыз эл аралык мелдештерде Кыргызстандын туусун бийик желбиретип, алтын медалдарды катар-катар алып, жеңиш менен кайтып, мекендештерди кубанычка бөлөгөн учурлар көп болду!
Уңгубузга кайтып, улуттук деңгээлде Элдик курултай өткөзүп алдык. “Эл тараза – эл сынчы” дегендей, өлкөнүн алган багыты менен жасалган иштер төп келип жатабы-жокпу деген маселени элдин тараза ташына коюп, бабалардан калган нагыз элдик бийликтин үлгүсүн түзүп алып, улуу кыргыз жолун улап кетүү ниетибизди ишке ашырдык. “Көч бара-бара түзөлөт” деген накыл кеп сыңары, Элдик курултайды улам бүлөп, улам курчутуп олтуруп, бул институтту тээ бабалар учурундагыдай улуттун улуу иштери менен алек болгон институтка айланта алабыз деген илгери үмүтүм бар.
Кыргызда жети саны байыртадан бери ыйык деп эсептелет. Мынакей, учугубуз уланып, канат-бутагыбыз жайылып, жети миллиондуу калк болуп, жаңы жылга аяк басып олтурабыз.Кирип келген жаңы жылыбыз Кыргызстаныбыз үчүн өзгөчө жакшылыктардын башталыш жылы болсун деп баарыбыз тилек кылалы!
Биз 2023-жылы бардык тармактар боюнча арымдуу өсүш секиригин жасоонун алдында турабыз.

Жалпы Кыргызстан эли – ар бирибиз өлкөбүздүн өнүгүүгө бет алган өзгөрүүлөр менен жаңылануулардын түздөн-түз катышуучусу экенибизди сезип, ынтымагыбызды бекем кармасак, алдыга коюлган бийик максаттарга жетебиз, ниет кылып мерчемдеген иш-пландарыбыздын өтөөсүнө чыгабыз деп бекем ишенем! Себеби элибиздин эбактан бери келаткан улуу сапаттарынын бири – биримдикке, ынтымакка умтулуусу. Бул – Кыргызстан элинин артыкчылыгы, биздин дөөлөтүбүз, эгемендүүлүбүздү бекемдеген асыл нарк!
Мына ошондуктан, ырыс ыроологон ынтымагыбызды бекем сактайлы, кут тартуулаган биримдигибизди бекем кармайлы!
Жаңы жылыбыз элибизге берекени, ырыскыны мол алып келген куттуу жыл болсун!
Жергебизде тынччылык, элибизде токчулук, өлкөбүздө өнүгүү болсун!
Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!» — деди мамлекет башчы.