Домой Маданият Замирбек Казакбаев: «Майда доордун чоң таланттары өлүп атат»

Замирбек Казакбаев: «Майда доордун чоң таланттары өлүп атат»

12
Азизге окшогон, учурдун таланттары кыялына жетпей өлүп атышат. Бул ачуу чындык. Өздөрү каалаган рольду жарата албай, жаратайын десе жараттырбай… Же татыктуу режиссёрдун постоновкасы коюлбай же татыктуу сценарий жазылбай… Майда доордун чоң таланттары өлүп атат.
Искусство менен экономика тыгыз байланышта экенин моюндаганча эле бир муун өтүп кетти. Таланттарды барктай албадык, дегенибиздин себеби дагы ушул. Кино деп эле теле постоновкаларды түшүнүп калдык. Биз дүйнөдөн артта калдык бирок талант дегендин өлчөмү жок да.
Азиз деле көксөөсү кангыдай бир роль жарата алган жок. Себеби ал тойбой кетти. Себеби ага татыктуу шарт түзүлгөн жок. Бул трагедия. Датка дейсиңер, ал Азиздин тырмагына тең келбеген роль болчу. Ооба кудайга шүгүр, жок дегенде ошол калды бирок… Бутума турсам эле үйлөнөм дегендей эле болду…Талантты багыш үчүн, бай мамлекет болушубуз керек!