Домой Маданият Бурул Калчабаева, драматург: «Элдин эсине жылуу тийген жаздын күнүндөй болгон элесиң жашайт,...

Бурул Калчабаева, драматург: «Элдин эсине жылуу тийген жаздын күнүндөй болгон элесиң жашайт, Азизбай!»

10
Көз алдымда өскөн бала элең Азизбай…
Өмүрүңдү тиледи эле элиң… Жазуу-буйрук экен… Асылган оору алып тыныптыр.
Колунан жулдуруп боздоп турган апаң Анарага, түгөйүң Элвирага, балдарыңа, экинчи үйүң болуп калган театрдын жалпы коллективине көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.
Элдин эсине жылуу тийген жаздын күнүндөй болгон элесиң жашайт, Азизбай!
Алымбек даткаң жашайт!
Кырчындай болгон 44 жаш… күлгүн курак артист үчүн…
Айла жок…Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун…