Домой Жаңылыктар ОКӨФ КРда 5 чакан ГЭС, кардиохирургиялык клиника жана Нарында мейманкана курууну көздөөдө

ОКӨФ КРда 5 чакан ГЭС, кардиохирургиялык клиника жана Нарында мейманкана курууну көздөөдө

12

 

Учурда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Кыргызстанда беш чакан ГЭСти курууга насыя берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу фонддун жетекчиси Артем Новиков Инвестиция агенттиги уюштурган бизнес эртең мененки бизнес–тамактануу учурунда билдирди.
Новиков белгилегендей, энергетика тармагында ОКӨФ буга чейин эки кичи ГЭСтин курулушун каржылаган жана дагы беш долбоор азыр даярдоо стадиясында турат. Мындан тышкары, фонд 100 мегаватт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСин куруу долбоорун кароодо.
Фонддун башкармалыгынын төрагасынын айтымында, ОКӨФ 2022-жылы өзүнүн ченемдик укуктук базасын экономиканын реалдуулуктарына жана КРнын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайыкташтыра баштаган. Фонд энергетика, өнөр жай жана кайра иштетүү тармагындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурат.
«Буга чейин жети жылдык ишмердүүлүгүбүздүн ичинде фонддун портфелинде 70тен ашык инвестициялык долбоорлор болгон. 2022-жылы 40тан ашык жаңы инвестициялык долбоорлор жактырылган. Ири долбоорлордун бири керамикалык плитка чыгаруучу заводдун курулушу», – деди Новиков.
Мындан тышкары, фонд эл аралык деңгээлдеги заманбап кардиохирургиялык клиника да курууну көздөөдө жана ага 1.5 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлгөн. Ошондой эле «Хан-Тенгри Нарын» мейманканасын курат.