Домой Жаңылыктар Жалал-Абад: Жеӊил жашоого көнгөн кыздар аныкталып, милиция ата-энелерге кайрылды

Жалал-Абад: Жеӊил жашоого көнгөн кыздар аныкталып, милиция ата-энелерге кайрылды

14

Жалал-Абадда ШИИБдин Балдар менен иштөө инспекциясы жана участкалык инспекторлор тарабынан 2 айдан бери көчөлөп, ар кандай түнөк жайларда жашап күн өткөрүп жүргөн 3 өспүрүм кыздар аныкталды. Кыздар Сузак, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунан Жалал-Абад шаарына келишкен 2004-ж.т. И.А., Ж.А. жана 2006-ж.т. Ж.А. экендиктери такталган. Алар үйлөрүнөн бир нече жолу качып, жеӊил жашоого көнүп алышкандыгы, турмуш-шарты жакшы үй-бүлөнүн кыздары экендиги белгилүү болгон.


Кыздардын ата-энелери милицияга чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары аларды катуу көзөмөлгө алуу керектиги эскертилди. Кыздар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү башка аймактардан келген өспүрүмдөрдүн ата-энелерине эскертет. Билим алууга келген кыздарыӊыздарды көзөмөлдөп, шаар ичинде эмне менен алек болуп жаткандыгынан, алардын жашаган жерлеринен жана окуу жайларынан кабар алып туруӊуздар. Эгерде балдарыӊыздар окуган же жашаган жеринде жок болуп, дайынсыз жүргөн болсо тезинен милицияга кайрылыӊыздар.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы