Домой Жаңылыктар Таласта Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын жаңы имараты ачылды

Таласта Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын жаңы имараты ачылды

6

Бүгүн, 2022-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.


Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – чек ара кызматынын директору У.Шаршеев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Нарбеков, Талас районунун башчысы Н.Нармырзаев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган
КР УКМК төрагасы К.Ташиев кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын бардык област, райондору боюнча УКМК кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.