Домой Жаңылыктар Сузакта “Бирдиктүү алдын алуу” күнү өткөрүлдү

Сузакта “Бирдиктүү алдын алуу” күнү өткөрүлдү

8

Бүгүн 14-декабрда Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Бирдиктүү алдын алуу” күнү өткөрүлдү. Профилактикалык иш-чарага Сузак РИИБдин начальниги Замирбек Ормонов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ӨКМ жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, элдик кошуундун мүчөлөрү катышышты. Алар Сузак районунун борборуна чогулушуп, нускамалар берилип, кайгулдоо багыттарына бөлүнүштү.
Жаңы жыл келе жаткандыгына байланыштуу пиротехникалык каражаттарды сатпоо керектиги дүкөн ээлерине эскертилди. Катуу үн чыгаруучу каражаттар, түрдүү фейерверктер жарандардын коопсуздугуна коркунуч алып келээри белгиленди. Дарыканаларда жаш өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизүүчү дары-дармектерди дарыгердин көрсөтмөсү жок сатпоо зарылдыгы айтылды.


Жаштар арасында топтошуп мушташуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында мектептерде жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууда кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы жаш өспүрүмдөргө жеткирилди.
Профилактикалык иш-чара милициянын көчмө кабылдама унаасында улантылып, Сузак районунун тургандарынын кайрылууларын кабыл алуу жумуштары жүрдү. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, батир жана мал уурулуктарынын алдын алууда ар бир жаран кайдыгер карабай, милиция менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы белгиленди. Сузак районунун аймагында бул унаа жыл башынан бери 78 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 88 ар түрдүү мазмундагы кайрылууларды кабыл алган.

2022-жылдын 11 айында Сузак районунун аймагында 132 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы