Домой Жаңылыктар “Мурас” футболдук турнирин “Спорттук федерациялар” командасы жеңди

“Мурас” футболдук турнирин “Спорттук федерациялар” командасы жеңди

14
Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин финалдык оюндары өттү.
«Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өткөн турнирге жалпы 16 команда катышты.
Беттештердин жыйынтыгында биринчи орунду «Спорттук федерациялар», экинчи орунду «Президенттин командасы» жана коло байгени «Коопсуздук» командасы алды.
Эскерте кетсек, Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган «Мурас” достук турнири өттү. Аталган оюн жылына эки жолу: кышында жана жазында өткөрүлүп турат.