Домой Жаңылыктар Баткенде милиция кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуулар уюштурулду

Баткенде милиция кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуулар уюштурулду

21
Баткен облусунун аймагындагы милиция кызматкерлеринин билим деңгээлин, иштөө ыкмасын окутуу жолу менен жогорулатуу жана элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу максатында Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Бороновдун демилгеси менен окутуулар өткөрүлдү.
Баткен ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери жер-жерлерде кызмат өтөп жаткан милицияларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, мыйзамдарды, Ички иштер министрлигинин ички буйруктарынын талаптарын, Кесиптик этика кодексин окутуп, кызматтык күжүрмөн даярдыктарын текшерди. Ошондой эле ар бир кызматкердин кийип жүргөн кызматтык формасын, кызматтык күбөлүктөрүн бир катар текшерүүдөн өткөрүп, суроо-жооптор болду.
Милицияга элдин ишенимин арттырууда, кызматкерлер коррупциялык жолдордон оолак болууга, катталган арыздарды өз убагында чечүүгө, жүрүм-турум эрежелерин так сактоо боюнча окутуу сабактары өткөрүлүп, кемчиликтери бар кызматкерлер боюнча тиешелүү район-шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилерине кошумча тапшырмалар берилди.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы