Домой Без рубрики Жоламан Аскаров «Ыш баняга тигүү цехтеринен калган чүпүрөк, машиненин дөңгөлөктөрүн жаккандан жана...

Жоламан Аскаров «Ыш баняга тигүү цехтеринен калган чүпүрөк, машиненин дөңгөлөктөрүн жаккандан жана католизаторы жок машине айдагандан болуп жатат»

252

Жоламан Аскаров деген фейзбук колдонуучусу бишкекти каптаган ыш кайдыгерликтен болуп жатканы боюнча пикирин жазды.

Кыргыздар жоопкерчиликсиз, кайдыгер жана караңгы эл. Анын бирден-бир себептери:

Учурда Бишкекти ыш каптап жатат, ал үчүн адамдар наалып, кимдир бирөөнү тилдеп жатканын көрүүгө болот. Ыштын негизги себептери МЫНА БУЛАР.
Жаңы конуштарда коомдук банялар көп. Алар тигүү цехтерден калган чүпүрөк-сапырактарды, машиненин дөңгөлөктөрүн жагышат. Андан чыккан түтүн айылды аралап, капкара болуп ыш чыгат.
Жаңы конуштарда элдер дагы чүпүрөк, үйүнөн чыккан мусорлорду өрттөп түтөтөт.
Айдап жүргөн унаалардын катализаторун чыгарып сатып жиберишкен.
Дегеле биздин кыргыздарда жоопкерчилик жоктугун, “көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин” деген психолгоия менен жашайт. Түнү мусорду кошунасынын короосуна, жолго, талаага, жолдорго, жаратылыш койнуна ыртыгып салышат. Эптеп үйүнөн алыс таштап ыргытыш керек.
Ушундай акмактардын кесепетинен биздин көчөлөр кир, аба булганган, тазалык жок. Анан сындаганга келгенде тили буудай кууруйт го.