Домой Коом Сонунбү Кадырова: «Бирдиктүү Евразиялык кеңештин иши өз максатына жетти»

Сонунбү Кадырова: «Бирдиктүү Евразиялык кеңештин иши өз максатына жетти»

10

— Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммити Кыргызстан үчүн пайдалуу болдубу?
-Саммиттин өтүшү албетте, баардык жактарга зыяны тийген жок. Тескерисинче, жаңы багытта иш пландарды кабыл алып, ушул кезге чейинки кеңешменин ишиндеги оош-кыйыштарды бир сыйра карап, пайдалуу чечимдерди кабыл алууга шарт түздү.
Он жети маселе кабыл алыныптыр. Анын маанилүүлөрү уюмдан сырткаркы Иран, Индонезия, Бириккен Араб имераттары менен эркин экономикалык зоналарын түзүү. Мунун себеби Россияга салынып жаткан сакцияларга байланыштуу экени белгиленди. Ошондой эле кеңешмедеги мамлекеттердин өндүрүштүк экономикалык кооперативдерди каржылоо маселеси каралганы колдоого арзыйт. Себеби, биз эми өз алдыбызча өндүрүштү өнүктүрүп дүйнөлүк рынокко чыгуу жагына шарт түзүлөт. Бул өз кезегинде ушул кезге чейинки майда цехтердин бир чоң уюмга башкача айтканга, кооперативге биригип, фабрикаларды, текстил тармагын өнүктүрүү дегенди билдирет. Уюмдардын өз ара ички алака, соода-сатыгында тоскоолдуктарды жоюу дагы соодагерлерге түзүлгөн жакшы шарттардын бири. Андан сырткары биримдикке мүчө өлкөлөрдө газдын баасынын айрымачылыктарын жоюу максатында бирдиктүү газ рыногун түзүү каралганы белгилүү болду…
Мына ушулардын баары элдин алга карай өнүгүшү үчүн, мамлекетибиздин базар шартында соода-сатыгына кенен жол ачылып, соодагерлерге түзүлгөн шарт десек болот.
Бул өңүттөн караганда Бирдиктүү Евразиялык кеңештин иши өз максатына жетти.