-Мамат агай, ЕАЭСтин саммити, Өзбекстан менен чек аранын чечилиши, Тажикстан менен дагы сүйлөшүүлөрдүн жанданышы бийликтин ишти илгерилеп жатканынан кабар береби?
-Ооба, жылыштар бар. ЕАЭСте биздин өлкө, быйыл жетекчилик милдетин аткарып жатат. Өзбекстан менен мамилебиз жакшы. Тажикстан менен гана чек араны чечип алсак, жакшы болот эле. Тажикстан менен чек ара кандай чечилет, кандай чечим кабыл алынат жакында көрөбүз.