-Каныбек агай, Евроазиялык Экономикалык Кеңештин жыйыны кыргызстан үчүн пайдалуу болдубу?
-Бул жылы биздин Кыргызстан Евроазиялык Экономикалык Кеңешке (ЕАЭК) төрагалык кылбадыбы. Менимче аталган уюмдун бир жылдык иши дурус эле болгондой. Анын үстүнө ЕАЭКке кирген өлкөлөрдүн лидерлери дүйнөлүк Ковид-19 пандемиясы күчөгөндөн бери биринчи жолу жүз көрүшүп отурушту. Буга чейин виртауалдык түрдө эле онлайн режиминде пикирлешип келишкен. Саммитке төрагалык кылган Кыргызстандын президенти Садыр Жапраовдун маалыматына ылайык быйыл ЕАЭК бир топ ийлиликтерге жетишикен экен. Ошол 2021-2022-жылдар ичи ЕАЭКте төмөнкүдөй жетишкендиктер болуптур:
— алгачкы ирет эле биздин лидер ЕАЭБдин жыйыны дүйнөлүк финансылык-экономикалык туруксуздуктун жана пандемиядан кийинки кризистин шартында өтүп жатканын, ошондой эле аталган биримдикке кирген мамлекеттердин экономикасына оор жүк түшүп жатканын баса белгиледи.
— эркин соода аймактарына көп көңүл буруунун натыйжасында ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда түзүлгөн протокол күчүнө кирди;
— ошондой эле эркин соода зонасына кирүү боюнча Индонезия менен Бириккен Араб Эмираттары менен макулдашуулар башталганы кабарланды;-климатты
-глобалдык климатты жөнгө салуу боюнча иш-чаралардын алгачкы пакети кабыл алынды;
— бажы союзунун аймагына кирген товарларды көзөмөлдөөнүн пилоттук долбоорун баштоо боюнча чечим кабыл алынды;
— кызмат көрсөтүүчү рынокту либералдаштыруу ишин карашты.
Мындан сырткары ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн кээ бир лидерлери эл аралык маанидеги билдирүүлөрдү жасашты. Мисалы, Россиянын президенти Владимир Путин орус-украина конфликти боюнча кеңири билдирүүлөрдү жасады. Мунун өзү эле ЕАЭБдин ишмердик спектринин кеңейе баштаганынан кабар берет. Ошондуктан, аталган экономикалык уюм өз аброюн күчөтө баштаганын сезип турабыз. Мындай жагдай Кыргызстан үчүн пайда алып келе тургандыгын билдирет. Биз өз кызыкчылыгыбыз үчүн тайманбастан керектүү маселелерди коюп, аны оң чечүүгө белсенип кирише башташыбыз абзел!
Домой Без рубрики Каныбек Осмоналиев: “Биз өз кызыкчылыгыбыз үчүн тайманбастан керектүү маселелерди коюп, аны оң...