Домой Расмий кабарлар Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири старт алды

Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири старт алды

6
Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу «Мурас» достук турнири башталды.
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди стоят и в помещении
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү өтүүчү салтка айланган «Мурас” достук турнири старт алды.
Бүгүн, 14-декабрда, иш-чаранын ачылышы «Газпром балдарга» дене тарбия – ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде болду.
Возможно, это изображение 9 человек и люди стоят
Мамлекет башчысы өз сөзүндө катышуучуларды кезектеги салттуу «Мурас» оюндардын башталышы менен куттуктап, биринчи турнир өткөн жылы белгиленген кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналганын эске салды.
Садыр Жапаров, ага 6 команда катышканын, экинчи турнирге 12 команда, учурда 16 команда болгонун жана муну менен мындай турнирге кызыгуу күчөгөнүн белгиледи.
Возможно, это изображение 12 человек, люди стоят и в помещении
Ал мелдештин максаты сергек жашоого үндөө экенин баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров эң күчтүү делген футбол команда жеңүүсүн каалады.
Биринчи күнү тайпалык оюндар «Газпром балдарга” дене тарбия – ден соолукту чындоо спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт.
Возможно, это изображение 1 человек, стоит и в помещении
Командалар төрт топко бөлүнгөн:
А тайпасы: «Президенттин командасы”, «Фемида”, «Журналисттер”, «Спорттук федерациялар”.
В тайпасы: «Жогорку Кеңеш”, «Коопсуздук”, «Достук”, «Бизнес”.
С тайпасы: «Алга”, «Элчилер”, «Спорт Жылдыздары”, «Билим”.
D тайпасы: «Ыйман”, «Өнөр”, «Аймактар”, «Ден-Соолук”.
Эртең, 15-декабрда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өткөрүлөт.
Возможно, это изображение 7 человек, люди стоят и в помещении