Домой Коом Абдрахман Маматалиев, коомдук ишмер: “Өтө зарыл болсо, учакты өзүбүздүн жарандарга арендага берип,...

Абдрахман Маматалиев, коомдук ишмер: “Өтө зарыл болсо, учакты өзүбүздүн жарандарга арендага берип, бюджетке акча түшүрүп турса деле болот”

8

-Абдрахман агай, жаңы сатылып алынган Airbus H145 тик учагын акчалуулар арендага да алып пайдаланса болот экен. Тик учакты арендагы берип, бюджетке пайда түшүрүү аракети туура элеби?
-ӨКМдин тик учактарын мурда деле арендага берип жүрүшкөн. Бекер турган маалда, өтө зарыл болсо, өзүбүздүн жарандарга арендага берип, бюджетке акча түшүрүп турса деле болот. Бирок, мамлекеттин, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жетиштүү сандагы учактар ар дайым күжүрмөн даярдыкта туруусу зарыл. Ошондо гана бош турган учакты кыска мөөнөткө берсе болот го деп ойлойм.