Домой Аналитика Айылчы Сарыбаев, профессор: «Эмне үчүн АКШ бизге бекер китеп берет да Украинага...

Айылчы Сарыбаев, профессор: «Эмне үчүн АКШ бизге бекер китеп берет да Украинага бекер курал жарак берет?»

74
 Профессор,экономика илиминин доктору айылчы Сарыбаев фейзбуктагы баракчасына «Эмне үчүн имперялар пайда болгон?» деген темада ой толгоосун жазды.
Чыгышта Рим империясы болсо Азияда менен Европаны кошо империя түзгөн Чыӊгызхан болгон. Гундар империясы, Сактар империясы, Түрктөр империясы.
Чыӊгызхандын империя түзгөн себебин биринчи болуп Исай Калашниковдун «Каардуу заман» (Жестокий век) китебинде мындайча түшүндүрүлөт: «Эгерде эч кимге тийишпей тынч жашасам деле кошунам күчтүү болсо кол сала берет экен. Малымды тартып алып бала бакырамды кул, күӊ кылат экен. Андан көрө тынч жашашым үчүн мен ошол кошунамды багынтып күчтүү чоӊ мамлекет болушум керек экен» деп улам бир кошуна мамлекетти багынта берип чыгышы Дунай суусу, Адриатика деӊизи, батышы Япония, Суматра аралдары, Кытай, Орто Азия, жакынкы чыгыш ж.б. дүйнөдөгү эӊ ири территориясы бар чоӊ империя түзгөн. Дээрлик 300 жылга чейин чоӊ согуштар токтогон. Уэзерфердин айтуусу боюнча Евразия материгинде феодализмден капитализмге өтүү мезгили башталганынын негизги от коюучусу Чыӊгызхан империясы болгон. Демек Азияттар доордун өзгөртүүчүлөрү болгон десек жаӊылышпайт окшойбуз. Орто Азиядагы 5 өлкө ортосундагы 30 жылдан берки чыр чатактар ушундан кабар бербейби???
СССРдин убагында ушул бир тууган республикалар согушушту беле? КПСС өпкөӊдү үзүп коймок. Эгерде чыр чыгарсаӊ.
Илимде бардык ачылыштар Азиядан башталган, аларды пайдаланып колдонуу Европада башталган. Муну билбегендер Европаны илим менен техникага байланыштырып келет. Тескерисинче ачылыштар Азиядан башталып, аларды колдонуу Европада болуп кайра Азияга жылып келет.
Ошондуктан 500 жылдан кийин Азия материги экономикалык жана саясий (керек болсо согуштук) борбор боло баштады.