Жалал-Абад ШИИБдин Балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери прокуратура, социалдык адистер менен биргеликте милициянын көчмө кабылдама унаасында машина базарга барышты. «Эмгек жана өспүрүм» аталышындагы рейддин алкагында сабак учурунда мектепке барбай, автоунаа жууган, машина базардын ичинде соода-сатык менен алектенген, автоунаалардын маалыматы камтылган кагаздарды саткандар текшерилди. Рейддин жүрүшүндө 21 бала мектепке барбай машина базарда иштеп жүргөндүгү аныкталып, мектеп директорлоруна сунуштар жөнөтүлдү. Алардын ата-энелери чакыртылып, балдарын сабактан калтырбоо керектиги эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аныкталган өспүрүмдөрдүн ичинен 7 окуучу Сузак районунан келишкендиги такталды.
Эске салсак Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мектепке тартылбай жүргөн балдарды аныктоо жана алардын ата-энелерине чара көрүү боюнча Жарлыкка кол койгон. Бул Жарлыктын талаптарын аткаруу максатында милиция тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Балдардын оор жумушка тартылуусу жана билим алуусун көзөмөлгө албагандыгы үчүн ата-энелерге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин (Ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде айып пул салынат.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы