Домой Жаңылыктар Сапар Исаков экс-чиновниктин уулуна өкүл ата болду

Сапар Исаков экс-чиновниктин уулуна өкүл ата болду

22

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Ош шаарынын экс-мэри Айтмамат Кадырбаевдин уулуна өкүл ата болуп дайындалды.

Маалыматка ылайык, эки жаштын үйлөнүү үлпөт тою өткөн аптада Бишкектеги кымбат ресторандардын биринде өткөн.

«Тойго Сапар  Исаков өзү катышкан жок, жубайы жаңы үйлөнгөндөргө шакек тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков 2020-жылдын 9-июнунда Биринчи май райондук соту тарабынан Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу корруциялык иштери үчүн 18 жылга эркинен ажыратылган. 2020-жылдагы октябрь окуясында түрмөдөн чыгарылып, чет өлкөгө качып кеткен. Кийинчерээк ага издөө жарыяланган.