Домой Жаңылыктар Ноябрь айында сомдун курсу бардык негизги валюталарга карата төмөндөдү

Ноябрь айында сомдун курсу бардык негизги валюталарга карата төмөндөдү

18

Ноябрь айында сомдун курсу бардык негизги валюталарга карата төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы бир айда сом долларга карата 1,13% төмөндөдү. 1-ноябрга карата америкалык валютанын расмий курсу 83,5 сомду түздү. Бүгүнкү күндө көзөмөл органынын маалыматы боюнча 1 доллар 84,4 сомго бааланды.

Рубль сомго карата 2,35% кымбаттады. Өткөн айдын башында 1,35 сом болсо, бүгүнкү күндө 1,39 сомго көтөрүлдү.

Британ фунту 6,9% кымбаттады. Ноябрдын башына карата анын расмий курсу 95,9 сом болсо, бүгүнкү күндө 102,3 сомго чейин өстү. Ноябрда евро сомго карата 6,5%га бекемделген. Анын курсу 82,7 сомдон 88,2 сомго чейин жогорулаган.

Кытай юаны сомго карата 2,7% кымбаттады. Анын расмий курсу акыркы бир айда 11,5 сомдон 11,8 сомго көтөрүлдү. Казак теңгеси да сомго карата бекемделди – 0,17 сомдон 0,18 сомго чейин. Ошондой эле ноябрь айында түрк лирасынын наркы 1,3%га — 4,47 сомдон 4,53 сомго чейин жогорулаган.

Эске салсак, октябрь айында улуттук валюта рублдан башка жогоруда аталган бардык валюталарга карата арзандаган.