Домой Жаңылыктар Убадасына турган ишкер! Кочкор районунда таштандыны кайра иштетүүчү завод жана тигүү цехи...

Убадасына турган ишкер! Кочкор районунда таштандыны кайра иштетүүчү завод жана тигүү цехи ишке кирди

647

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Завод 20 млн сомго курулуп, суткасына 4 тонна таштандыны кайра иштетүүгө жөндөмдүү.

Ишкананы ачуу аземине облустук жана райондук администрациялардын өкүлдөрү, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Таштандыны иштетүүчү завод Ормон Нурбек уулунун демилгеси менен «Таза Мекеним» ЖЧКсы курган.
Заводду негиздөөчүлөрдүн бири Ормон Нурбек уулунун айтымында «Бул цехте жалпы жонунан 3 сменде 22 киши жумуш менен камсыздалат. Андан тышкары суткасына 3.5т пластмасс таштандысын кайра иштете алат. Нарын областы күнүнө ашып кетсе 1 тонна пласт.таштандысын бере алат. Ачылган күндөн баштап баардык пластмасса таштандысын кабыл алып баштайбыз. Пласт.таштандысын өткөзөбүз дегендерге эшигибиз ачык, байланыш тел: 0701 174 777 Бактыяр.
Азыркы тапта дүйнө жүзүндөгү эң глобалдуу көйгөй жумушсуздук жана таштанды!
Ушул көйгөйдүү чечүү максатында жалпы жонунан өздүбүздүн күчүбүз менен 22млн сом(255’000$) сарптадык, бул ишкана менен биргеликте бир нече салынып жаткан проектер бар :
1) Таштандыны кайра/иш цех- бүттү. 22 киши
2) Саморез чыгаруучу цех- 15киши бүттү(январь айында иштеп баштайт)
3) Тигүүчү цех- жалпы проект 33 тиг.цех Кочкордун ар бир айылына, анын ичинен 5ө ишке кирди(Кум-Дөбө, Ак-Жар, Шамшы, Кочкор центр, Кара-Суу). Жалпы 350 киши иш менен камсыз болот, азыркы тапта 45киши тигүүчү цехге иш менен камсыз болду.
4) Кытайда карантин болгону үчүн Сетка мешок чыгаруучу цех: жолдо. 2023 жылдын жай айларына ачууну пландап жатабыз. Жалпысынан 20 киши иш менен камсыз болот.
Кудайым буйруса бул проектер толугу менен ишке ашса 400дөн ашык жумуш орундары түзүлөт.
Мамлекетибиз өнүгүп-өсүшүн кааласак, ар бирөөбүз өз салымыбызды кошуубуз абзел!
Бул саамалыкка көмөктөшкөн Кочкор рай.адм, Кум-Добо Айыл Окмоту жана депутаттарына, Чыгыш РЭСге, Мам.Архитектура бөлүмүнө жана Кочкор Биримдиги коомунун командасына терең ыраазычылыгымды билдирем»- дейт Ормон Нурбек уулу.

Мындан тышкары, Кум-Дөбө айылында тигүүчү цех пайдаланууга берилип, анда 20 адам жумуш орундары менен камсыздалды. Жакынкы жылдары ата мекендик “Таза Мекеним” ишканасы 350 орундуу тигүү цехин ачууну пландоодо.