Домой Жаңылыктар Садыр Жапаров: Курултай эл менен бийликтин ортосундагы мамилени бекемдеди

Садыр Жапаров: Курултай эл менен бийликтин ортосундагы мамилени бекемдеди

34

Президент Садыр Жапаров Биринчи элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу преизденттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Биринчи элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жетекчиси –Мамлекеттик катчы  Сүйүнбек Касмамбетов жана президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев катышты.

Мамлекет башчысы аксакалдарды Биринчи элдик курултайдын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, элдин ишенимине ээ болуп, чыныгы ой-мүдөөсүн бийик трибунадан жеткирген делегаттарга ыраазычылыгын билдирди.

Ал белгилегендей, Курултайда эки күн бою ачык-айкын сөздөр айтылып, ошонусу менен бул жыйын өзгөчөлөнүп турду.

Садыр Жапаров эл менен бийликтин ортосундагы мамиле бекемделип, эриш-аркак ынтымакта иш алпарууга дагы бир кадам жасалгандыгына жалпы кыргызстандыктар күбө болгонун баса белгиледи.

Садыр Жапаров эл ичинен шайланып келген делегаттар көйгөйлүү маселелерди, аларды чечүүнүн жолдорун өлкөнүн бийлик бутактарынын жогорку жетекчилеринин алдында ачык айтышканын ырастады. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин, өлкө демократиялык туура жолдо баратканын айгинелеп турат.

Мамлекет башчысы Курултай институтунун эң башкы артыкчылыгы — улуттук деңгээлдеги биримдикке жол чапкандыгында, деп белгиледи.

Президент бүгүнкү күндө “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун андан ары жылдыруу маселеси тургандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү Мамлекет башчысына саясий эрк көрсөтүп, Биринчи элдик курултайды өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти. Аксакалдар президентке алдыдагы пландар, тактап айтканда, алар иштейбиз, деп көздөп жаткан жети багыт тууралуу маалымат беришти.

Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү биринчи кезекте көңүл бурула турган маанилүү темаларды дагы бир жолу белгилешти, тактап айтканда, заводдорду жана ГЭС куруу, чет өлкөдөгү мигранттарды өлкөгө кайтаруу, генофонд жана энелик капитал жөнүндө мыйзамдарды иштеп чыгуу жана башка компоненттерди камтыган 2050-жылга чейинки Өнүктүрүү программасын түзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар элдин турмушун жакшыртуу жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу зарылчылыгы боюнча бирдиктүү пикирге келишти.