Домой Жаңылыктар УКМКнын Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду

УКМКнын Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду

20

Бүгүн, 23-ноябрда, УКМКнын Ош облустук Башкы башкармалыгынын Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү. Эми аталган бөлүмдүн кызматкерлери заманбап жабдуулар менен камсыз болгон, жумуш үчүн зарыл болгон бардык шарттары бар жаңы имаратта кызматтык милдеттерин аткарып баштады.

        Имараттын ачылуу аземине КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилик курамы жана өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

        Камчыбек Ташиев кызматкерлерге жаңы имаратты тапшырып жатып, алардын кызматтык милдеттерин так аткарууга тийиш экендигин эскертти.

        Мындан ары дагы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды жакшыртуу, заман талабына шайкеш келтирүү жумуштары уланаарын кошумчалады.

        Ачылуу аземинен соң, Камчыбек Ташиев Кара-Кулжа районунун жашоочулары менен да жолугушту. Аксакалдар менен пикир алмашып, кызыктырган суроолорго жооп берди.